Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

«Фейсбук» кыргыз фейктеринин бир тобун «кырды»


“Facebook” компаниясы 12-январда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирди.

Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган “Facebook” социалдык тармагындагы 193 аккаунт, 246 баракча, 50 тайпа жана “Инстаграмдагы” 30 аккаунтту камтыган түйүн жок кылынды.

Бир же андан көп баракчага 85 миңдей аккаунт катталган. 39 миңдей аккаунт группалардын жок дегенде бирине кошулган. 27 миңдей киши "Инстаграмда" бир же андан көп аккаунтка катталган. 4800 долларга чукул акча "Фейсбукта" жана "Инстаграмда" материалды жарнамалоого төлөнгөн.

Англис тилиндеги отчет менен бул жерден толук тааныша аласыз.

"Фейсбук" жарыялаган баяндамада бул түйүн 2017-жылкы президенттик шайлоонун тегерегинде активдешип, кыргыз жана орус тилдеринде маалымат жайылтып турганы айтылат. Анда негизинен президент Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн чагылдырып, анын атаандаштарын сындап турган.

Иликтөө бул түйүндүн артындагы адамдар аты-жөнүн жашырганын, алардын медиа-консалтингге тиешеси бардыгын аныктаган.

(Кыргыз сегментиндеги "Фейсбук" жапкан тайпа жана баракчалар).

Андан тышкары негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтардын мазмунун комментарийлеп, жаңылыктарга адистешкен баракчаларга билдирүүлөрдү жарыялап келген түйүн өчүрүлгөн.

Ага “Фейсбуктагы” 92 аккаунт, 11 группа, төрт баракча жана “Инстаграмдагы” 30 аккаунт кирчү. Түйүндөгү бир же андан көп баракчада миңдей аккаунт катталган. Группаларга 1900дөй аккаунт кошулган, ал эми "Инстаграмда" 20700дөй киши катталган. Жарнамалык материалдарга 4500 доллар сарпталган.

Бул түйүн жалган аккаунттарды колдонуп, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын баракчасын жана эл көп окуган "Азаттык", "Клооп", "Кактус", "Акипресс" медиа мекемелеринин веб-сайттарына чыккан материалдарга комментарий жазып турган.

Ал комментарийлер Матраимовдун үй-бүлөсү менен "Мекеним Кыргызстан" партиясын сындаган материалдарга асылган, орой формадагы комментарийлер жазылган. Ошол эле маалда аккаунт ээлери партиянын оппоненттерин жамандаган материалдарды кубаттап, мактап-жактаган комментарийлерди калтырышкан.

2017-2020-жылдардагы шайлоолордун тегерегинде абдан активдешип, кыргыз жана орус тилдеринде өлкөдөгү ички саясатка басым жасашкан.

Бир өзгөчөлүгү - бул түйүн "Мекеним Кыргызстанды" катуу колдоп, анын оппонеттерин каралап келген. "Акнет" провайдерине байланыштуу чыр, 2020-2021-жылкы шайлоолор, бир катар коррупциялык айыптоолордон чыккан чуулуу материалдарга басым жасап сындаган. Матраимовдордун үй-бүлөсүн жерге-сууга тийгизбей мактап-жактап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди шыбап турушкан.

("Фейсбук" жапкан баракчалар.)

“Facebook” өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен «Медиа центр» деген медиакомпанияга жана мурда-кийин маалымат каражаттарында, өкмөттө иштеген адамдарга тийиштүү түйүндү да жапты.

Ага «Фейсбуктагы» 121 аккаунт, 46 баракча, жети топ жана «Инстаграмдагы» 41 аккаунт камтылган. 31 миңдей аккаунт бир же андан көп баракчага катталган. 11 миңдей аккауант бир же андан көп топко кошулган. 8800 киши бир же андан көп "Инстаграм" баракчага катталган. 1250 доллар "Фейсбукка" чыккан жарнамалык материалдарга сарпталган.

Бул аккаунттар былтыркы парламенттик жана 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн маалында бир катар саясий ишмерлерди колдосо, ошол эле маалда башка саясатчыларды тынбай сындап турган.

Өлкөдөгү саясий жана ошол маалдагы актуалдуу маселелерге байланыштуу материалдар кыргызча жана орусча жарыяланган. Мурдагы президенттер Жээнбеков менен Атамбаевди колдогон, айрым учурларда эки президентти тең сындаган посттор да кеткен.

“Facebook” компаниясы ушул эле баяндамасында Кыргызстандан башка Иран, Украина, Марокко, Казакстан, Аргентина, Бразилия, Индонезия жана Орусия өлкөлөрүндөгү жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды өчүргөнүн билдирди.

Фейктер же троллдор - социалдык тармактарда атайылап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Алардын көбү кайсы бир топту же саясатчыны колдоп, идеясын жайылтат. Оппоненттерди каралап, далилсиз айыптоолорду таратат.

Кыргыз саясатындагы фейктердин күчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:04 0:00

XS
SM
MD
LG