Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 83 миңден ашты


17-январга карата Кыргызстанда дагы 123 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 109 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 994ү сакайды. Соңку бир күндө 128 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1384 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 42;
  • Чүй облусунда - 33;
  • Ысык-Көл облусунда – 22;
  • Ош облусунда - 10;
  • Нарын облусунда - 7;
  • Жалал-Абад облусунда - 6;
  • Талас облусунда - 2;
  • Ош шаарында - 1 киши.
  • Баткен облусунда бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 796 бейтаптын 48инин абалы өтө оор, 229у оор, 522си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 17-январда 94 миллион 465 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 21 миңден көп, ал эми сакайгандар 52 миллион чамалуу. (SE)

XS
SM
MD
LG