Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ооганстанда белгисиз кишилердин огунан бери дегенде эки судья аял өлдү


Ооганстанда 2020-жылдын декабрында көчөдө уюштурулган кол салуудан кийин күч кызматкерлери окуя менен жеринен таанышууда. Сүрөт иллюстрация максатында колдонулду. Кабарга тиешеси жок.
Ооганстанда 2020-жылдын декабрында көчөдө уюштурулган кол салуудан кийин күч кызматкерлери окуя менен жеринен таанышууда. Сүрөт иллюстрация максатында колдонулду. Кабарга тиешеси жок.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда жекшемби күнкү кол салууда кеминде эки судья аял өлдү. Дагы экөө жараат алганын "Синьхуа" маалымат агенттиги укук коргоо органдарына таянып билдирди. Ал эми "Tolo News" телеканалы полицияга шилтеме берүү менен, эки аял көз жумуп, бирөө жарадар болгонун кабарлады.

ТАСС агенттигинин жазганына караганда, 17-январда эртең менен мотоцикл айдаган белгисиз адамдар соттор отурган унааны аткылашкан.

Окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалыматтар азырынча жок.

XS
SM
MD
LG