Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 22-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде кайрылуу жасайт. Саясатчынын басма сөз кызматы "Телеграмм" каналына жазганына караганда, сөзүндө ал кармалган, куугунтукталган митингчилер менен журналисттердин маселесине токтолмокчу.
Тихановская “Александр Лукашенко режиминин кылмыштарын териштирүү үчүн эл аралык иликтөө жүргүзүү маселесин козгойт. Ал Коопсуздук кеңешин Беларустагы кризиске байланыштуу атайын сессия өткөрүүгө үндөйт”.
Былтыр 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларында күч колдонуп, миңдеген адамдар, арасында медиа кызматкерлери кармалган, бир тобу жаракат алган.
Европа Биримдиги жана АКШ өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенконун кайра шайланышын тааныган эмес жана куугунтуктоолорго байланыштуу Минскиге каршы санкцияларды киргизишкен.
Лукашенкого атаандаш чыккан Тихановская шайлоодон кийин башка өлкөгө кетүүгө мажбур болгон.