Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Түркмөнстан калкын орус вакцинасы менен эмдейт


Ашхабад шаары. 2020-жыл.
Ашхабад шаары. 2020-жыл.

Түркмөн бийлиги Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөрдү. Коронавирус бардыгын карандай танган өлкө орусиялык вакцина менен элин жапырт эмдөөгө даярданып жатканы кабарланды.

Бийлик коронавирус бар экенин четке кагып келген Түркмөнстан Орусия өндүргөн «Sputnik V» вакцинасын каттады. Бул тууралуу вакцинаны иштеп чыккан Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады. Анда Түркмөнстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн алгачкы болуп вакцинаны каттоого алганы айтылат.

«Түркмөнстан Борбор Азияда «Sputnik V» вакцинасын колдонууга расмий уруксат берген биринчи өлкө болду. Өнөктөштөр вакцинанын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогору баалашты. Вакцина бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөштө дүйнөдөгү алдыңкылардын бири болуп саналат. Буга чейин дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде көзөмөл органдары тастыктаган», - деп айтылат Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматында

Маалыматта вакцина Түркмөнстанда кошумча клиникалык сыноолорсуз эле колдонууга жактырылган. Былтыр 25-декабрда Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Бердинияз Мятиев баштаган делегация бул маселени эки тараптуу талкуулаган.

Андан кийин түркмөн тарап орусиялык вакцинаны сатып алууга кызыкдар экенин билдирген. Бирок вакцина качан жана канча дозада Түркмөнстанга жеткирилери айтылган эмес.

"Sputnik V" вакцинасы. (Gam-COVID-Vac)
"Sputnik V" вакцинасы. (Gam-COVID-Vac)

Буга чейин «Sputnik V» вакцинасы Алжирде, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Палестинада, Венесуэлада жана Парагвайда массага саюу үчүн каттоого алынган.

Ал ортодо Түркмөнстан калкты коронавируска каршы жапырт эмдөөгө даярданууда.

Тактап айтканда, алгач өлкөнүн чыгыш аймагындагы Лебап облусунда 1-февралдан тартып эмдөө башталат. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы облуска вакцина сактоо үчүн атайын жабдыктар алып келингенин жана эмдөөнүн тизмеси түзүлүп жатканын кабарлады.

«Калкты эмдөө "Ден соолук үйүндө" жүргүзүлөт. Учурда Түркмөнабадда алты "Ден-соолук үйү" иштейт. Бул медициналык мекемелер атайын бөлмөлөрдү даярдап, жабдууларды орнотуп жатат. Вакциналарды ташуу жана сактоо үчүн атайын муздаткычтар коюлду. Бирок электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечиле элек. Түркмөнабаддагы "Ден соолук үйлөрүнүн" биринде да электр менен камсыздоонун кошумча булактары жана генераторлор жок», - деди аймактык кабарчы.

Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда дарыгерлер менен медайымдар үймө-үй кыдырып, коронавируска чалдыккан адамдарды аныктап жатканы маалым болду. Медиктер жарандарга коронавируска тестти үйүнөн тапшыртып, вирус аныкталса, ооруканаларга жөнөткөнү айтылууда.

Январь айынын башында эле Түркмөнстанда коронавируска каршы эмдөө үчүн тизме түзүлгөн. Өлкөдө алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык тармакта иштегендер эмдөөдөн өтмөкчү.

Түркмөнстан коронавирусту өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан жалгыз мүчөсү. Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө өпкө кагынынан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, Ашхабадга коронавирусту аныктоочу тесттерди көбөйтүүнү сунуш кылган.

Сурабалдиева: «Pfizer» вакцинасын алууга шартыбыз жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:36 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG