Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Коронавирустун вакцинаны тоготпогон түрү катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун Түштүк Африкада чыккан түрү илипоздорду кооптондурууда. Себеби, азыркы вакциналардын көбү бул мутацияланган вируска туруштук бере албасы аныкталды.

Түштүк Африкада чыккан коронавирустун жаңы түрү АКШда да аныкталды. Ал Түштүк Каролина штатындагы бири-бирине байланышы жок, соңку кезде эч жакка саякаттабаган эки адамдан табылган.

Ошол себептүү коронавирустун бул штаммы жайылып жатканы тууралуу божомолдор пайда болду. Азырынча вирустун жаңы түрү 30 мамлекетте аныкталганын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Африка боюнча өкүлү Матшидисо Ребекка Моэти билдирди.

АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси, доктор Энтони Фаучи "коронавирустун бардык эле мутанцияланган түрлөрү кооптондуруп жатканын, айрыкча түштүк африкалык штамм коркунучтуу экенин" билдирди.

"Модерна" менен "Pfizer/BioNTech" компаниялары алардын вакцинасы түштүк африкалык штаммдан жакшы коргой албасын, бирок коронавирустун Британияда чыккан түрүнө толук туруштук берерин билдиришкен.

Коронавирустан көз жумган адамдын сөөгү жерге берилип жатат. Түштүк Африка. 6-январь, 2020-жыл.
Коронавирустан көз жумган адамдын сөөгү жерге берилип жатат. Түштүк Африка. 6-январь, 2020-жыл.

"Новавакс" жана "Johnson & Johnson"

29-январда америкалык "Новавакс" жана "Johnson & Johnson" компаниялары өз вакциналары сыноонун үчүнчү баскычынан өткөнүн жарыялашты.

Америкалык "Johnson & Johnson" холдингине караштуу белгиялык "Janssen" компаниясынын вакцинасы коронавируска каршы күрөштө 66% натыйжалуу болуп чыкты.

Бул вакцина биринчи жолку эмдөөдө эле туруктуу иммунитет жарата аларын көрсөткөн. Ал эми түштүк африкалык штаммга 57% каршы тура алары жарыяланды.

"Новавакс" компаниясы өз вакцинасы 90% натыйжалуу экенин көрсөткөнү маалым болду. Аталган ишкана билдиргендей, вакцина түштүк африкалык штаммга 60% туруштук бере алат.

Түштүк Африкада чыккан коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакциналардын толук туруштук бере албаганы пандемияга каршы күрөштү оорлотууда.

Анткен менен окумуштуулар, вакцинанын аз да болсо коргогону жоктон көрө жогору экенин белгилешет. Илимпоздор коронавирустун мутацияланышына байланыштуу жапырт эмдөөнү тездетүү зарыл экенин айтышууда. Муну менен вирустун мындан аркы өзгөрүшүнүн алдын алууга болот.

Евробиримдиктин дары-дармектер боюнча агенттиги 29-январда “Астразенека” британ-швед компаниясынын вакцинасы менен шаркеттин ичинде эмдөөгө уруксат берди. Бул "Pfizer-BioNTech" жана “Модерна” компанияларынан кийинки Европа аймагында уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калат.

Коронавирусту иликтеген Ухандагы эксперттер тобу өз ишин баштады

29-январда коронавирус кайдан чыкканын иликтөө үчүн Кытайга барган эл аралык экперттердин тобу эки апталык карантинден чыгып өз ишин баштады. Алар Ухань шаарындагы коронавируска чалдыккан алгачкы бейтаптарды кабыл алган ооруканада болушту.

Эми эки апта ичинде Ухандагы лабораторияларды, базар жана ооруканаларды кыдырып чыгууну көздөп жатышат. Көз карандысыз эксперттер коронвируска алгач чалдыккан бейтаптар менен жолугуп, сүйлөшүүнү болжошууда.

Коронавирус алгач 2019-жылдын ноябрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталып, дүйнөгө тарап кеткен. Айрым маалыматтарга караганда, илдет шаардагы балык, куштун жана жылан, коён өңдүү жан-жаныбарлардын эти сатылган базардан тараган.

XS
SM
MD
LG