Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Онкологиялык ооруларды дарылоочу нур жабдуусу иштебей турат


Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбор
Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбор

Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борборго сырттан сатылып келген эки жабдуу орнотулбай турат. Алардын жалпы баасы 270 миллион сом. Жабдуулар нурдун жардамы менен залалдуу шишикти дарылайт.

Буга чейин жабдууларды сатып алууга байланыштуу кылмыш иши ачылган болчу. Анын айынан бейтаптарды тейлөө баштала элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун директору Эрнист Тилеков маалымдады.

"Жабдууларды орнотуучу атайын бункерлер, темир эшиктери менен даяр. Бүгүн эле аны орнотуучу фирма чалып, келип коюп бергенге даяр экенин билдиришти. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкса эле дароо иштей баштайт".

Нур менен дарылоочу жабдууну алуу үчүн 2016-жылы Кыргызстанда каражат чогултуу акциясы жүргөн. Анын алкагында "Centerra Gold" компаниясы 10 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлгөн.

Бир нече жылга созулган тендер иштеринен кийин 2020-жылдын сентябрында жабдуулар Бишкекке алынып келинген. Бирок тендердеги айрым калпыстыктардан улам келип чыккан териштирүүлөр токтобой, жабдуу кутусунан ачылбай турат.

Ал арада кыргызстандыктар нур менен дарылануу үчүн коңшу Казакстанга, Түркияга, Орусияга барып жатышат. 2016-жылы Индиянан "Бабатрон" аттуу нур менен дарылай турган жабдуусу гуманитардык жардам катары келген.

Ал эми жаңы алынган жабдуулар залалдуу шишикти клеткалык деңгээлде дарылай алат.

Кыргызстанда 27 миңдей адам онкологиялык оорулардын жабыркап, каттоодо турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG