Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

ОшТУда ректор шайлоо иши кечикти


ОшТУ - Ош облусундагы ири жогорку окуу жайларынын бири. Анда 21 миңден ашуун студен билим алат.
ОшТУ - Ош облусундагы ири жогорку окуу жайларынын бири. Анда 21 миңден ашуун студен билим алат.

Ош технологиялык университетинин ректорун шайлоо өнөктүгүн Ош шаардык соту үч айдан бери токтотуп турат. Ал арада ректорлукка талапкерлердин бири-бирине каршы берген дооматтарын көзөмөл органдары текшерүүдө.

Оштогу Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетине жаңы жетекчини шайлоо маселеси чыр-чатак менен коштолууда.

Тирешкен тараптардын талашына Ош шаардык прокуратурасы менен каржы полициясына киришүүгө туура келди.

Шайлоодо башталган чатак

Мурдагы ректор Абдыкадыр Абидовдун мөөнөтү 20-ноябрда бүткөнүнө байланыштуу университеттин уюштуруу комитети 2020-жылдын 18-декабрында жаңы ректорду шайлоого камынып жаткан.

Бирок ректорлукка талапкерлердин бири — Бакытбек Шамшиев шайлоону уюштуруу комитетин сотко берген. Ал арыздын негизинде ректор шайлоо үч айдан бери токтоп турат.

ОшТУнун башкы корпусунун сырткы көрүнүшү.
ОшТУнун башкы корпусунун сырткы көрүнүшү.

Технологиялык университеттин ректору болууга ниеттенип, алты киши өз талапкерлигин көрсөткөн. Алардын бешөө окуу жайдын өзүндө эмгектенсе, бирөө Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинде иштейт:

1. Абидов Абдыкадыр Омарович — ОшТУнун мурдагы ректору
2. Шамшиев Бакытбек Нуркамбарович — ОшТУнун проректору
3. Матисаков Жумакадыр Кубатбаевич — ОшТУнун проректору
4. Токоев Маматомур Пирматович — ОшТУнун Энергетика факультетинин деканы
5. Сатыбалдиев Абдимитал Батырбекович — ОшТУда кафедра башчысы
6. Исаев Ильязбек Эркинбаевич — Ош Кыргыз өзбек университетинин Инженердик техникалык факультетинин деканы.

Окуу жайдын жамаатынын пикиринде, негизги атаандаштар - Абдыкадыр Абидов менен Бакытбек Шамшиев. Айрым адистердин айтымында, негизги тиреш дал ушул эки кишинин ортосунда болууда.

Бир мыйзам, эки түшүнүк

Ош ТУнун мурдагы ректору Абдыкадыр Абидов — 2010-жылы болгон революция жана июнь коогалаңынан кийин окуу жайга жетекчи болуп дайындалган. Кийин 2015-жылкы ректорлук шайлоодо да утуп чыккан. Абидов бул ирет да ректор болууну чечкен.

Буга окуу жайдагы талапкерлердин бири Бакытбек Шамшиев нааразычылык билдирип, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Ал «Жогорку окуу жайларынын жетекчисин шайлоо» тууралуу мыйзамдагы атайын жобого таянып, бир адам катары менен үч шайлоого катыша албайт деген жүйөсүн айтууда.

Ал эми мурдагы ректор Абдыкадыр Абидов окуу жайга үчүнчү мөөнөткө да талапкер болууга мыйзам жол берет деген пикирде. Ал, окуу жайдагы айрым кызматкерлер аны ректор катары көрө албаса добуш бербей коюу менен эле маселе чечилет деп эсептейт.

Абдыкадыр Абидов.
Абдыкадыр Абидов.

«Көпчүлүк убакта туура эмес маалыматтарды берип, бир эле мени эмес университетти да каралап салышууда. Ушундай кырдаал болуп жатканына мен аябай өкүнөм. Мыйзам 2012-жылдын аягында кабыл алынган. 2013-жылдан баштап мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайлар каралышы керек. 2010-жылды козгобош керек. Анткени Укуктук ченемдик актылар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тогузунчу беренесинде "мыйзам артка иштебейт", — деп жазылган».

Абидов шайлоого катышуу үчүн Билим берүү министрлигинин адистеринен атайын уруксат кагазын алганын да кошумчалады.

Ректордун атаандашы Бакытбек Шамшиев Абидовдун айткандарына кошулбайт. Анын өзүнөн интервью алууга мүмкүн болгон жок. Ошондой болсо да сотто Шамшиевди жактап жүргөн Нургазы Абдувалиев менен жоолуктук.

Абдувалиев мыйзамды ар ким өз түшүнүгүнө жараша колдонгону туура эмес, эгер талаштуу жагдай болсо, тиешелүү органдар чечиши керек деген пикирде.

Нургазы Абдувалиев.
Нургазы Абдувалиев.

«Мыйзамда "шайланат жана дайындалат", — деп жазылып турат. Ал "бир эле жолу шайландым го, мурдагысында шайланбадым", — деп атат. Биз мыйзамды талкуулабайбыз. Мыйзам кандай кабыл алынган болсо, ошондой кабыл алабыз. Ошол боюнча аткарууга жатат. Биз азыр "мыйзам артка иштейби же жокпу?", — деген суроого соттон жооп күтүп атабыз. Сот ушул суроого өз чечими менен жооп берет».

«АКА» көрсөткөн ашыкча акча

Ректорлук кызматка талапкер Шамшиев окуу жайды Абдыкадыр Абидов башкарып турган учурда тендерлер мыйзамсыз өткөнүн, коррупциялык иштерге жол берилгенин билдирип, күч түзүмдөрүнө кайрылган. Анын негизинде окуу жайды прокуратура текшерүүгө алып, тендерден уткан мекемени айыпка жыккан.

Окуу жайдын маалымат кызматынын жетекчиси Рамис Ыдырысовдун айтымында жогорудагы тендер 2020-жылы имараттардын терезелерин алмаштыруу үчүн 7 миллион сомдон ашык суммага жарыяланып, анда «АКА» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

Прокуратуранын текшерүүсүндө «АКА» коому айрым материалдарды кымбат көрсөткөнүнөн улам 242 миң 323 сомдук айырма табылган.

Рамис Идрисов, ОшТУнун басма сөз катчысы.
Рамис Идрисов, ОшТУнун басма сөз катчысы.

«Прокуратуранын коррупцияга каршы кызматы иликтеп чыкканда ортодо жалпы эсеби 242 миң 323 сомдук айырма чыккан. Ал акча каражаты фирма көрсөткөн сумма менен университет берген акчанын айырмасы. Башкача айтканда, университет берген материалдын баасынан фирма бир кыйла кымбат алган. Бирок бул акча каражаты утуп алган фирманын жалпы сметасына кирген. Кийин бул жагдай ачыкка чыкканда ОСОО "Ака" компаниясы тарабынан 242 миң 323 сом акча каражаты университеттин эсебине кайра төлөнүп берилген».

Ыдырысов тендерди ишке ашырып жаткан компаниянын 242 миң сомду ашыкча көрсөткөнүнө окуу жай менен ошол кездеги ректор Абидовдун тешеси жок экенин кошумчалады.

ОшТУга келбей калган 15 миң евролук жабдыктар

Ал арада Бакытбек Шамшиев жетектеген бейөкмөт уюмдар менен биргелешкен долбоордун алкагында ОшТУга алына турган 15 миң евролук техникалар алиге чейин окуу жайдын балансына алына электиги маалым болду.

Долбоор 2016-жылы башталып 2018-жылы аягына чыккан. Бул тууралуу жазылган документтерде «ОшТУга 15 миң евролук жабдыктар сатылып алынган» деп жазылганы менен окуу жай аны кабыл албаганын билдирүүдө.

ОшТУ Ош облусундагы эң ири окуу жайлардын бири.
ОшТУ Ош облусундагы эң ири окуу жайлардын бири.

ОшТУнун башкы эсепчиси Талантбек Темиров аталган жабдыктар жөнүндө айрым документтер болгону менен азыркыга чейин толукталбай, техникалар окуу жайга өткөрүлбөй турганын билдирди:

«"Келди" деп документ берилген экен. Бирок биздин баланска алынган эмес. Биздин акчабызга алынбаган буюмдарды баланска алышыбыз керек да. Ал нерселерди "эмнеге келбеди?", "эмнеге алып келбедиң?", — деп айта албайбыз. Анткени ал акча биздики эмес. Качан келет ошондо гана баланска алабыз. Финполиция текшергенден кийин бизди да чакырды. Барып сурак берип келдик».

Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур ОшТУдагы иштер боюнча комплексттүү текшерүү уланып жатканын айтуу менен ал иште Бакытбек Шамшиевдин ысымы аталарын тастыктады.

Анастасия Пискур.
Анастасия Пискур.

«Финансы полициясынын Оштогу башкармалыгында ОшТУга байланыштуу сотко чейинки комплектүү өндүрүш иши жүрүп жатат. Кенирээк маалымат менен кийинчерээк бөлүшөбүз».

Шамшиев интервьюдан сырт сүйлөшүүдө бул иште күбө катары сурак берип жатканын айтты. Кийинчерээк аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын соттогу ишенимдүү өкүлү Нургазы Абдувалиев бул иште кимдир бирөөнү «күнөөлүү» деп айтуу эрте деген пикирде.

«Жетишпеген документтер, техникаларды (ректор) мурда эле билген. Арызда да ошентип көрсөтүлгөн. Бир жагынан бул техникалар 2017-жылы эле берилген. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бирок кимдин айыбы менен келбей калганы же ким күнөөлүү экени аныктала элек. Болгону териштирүү жүрүп жатат».

Ректор шайлоо үчүнчү айга созулду

Ал арада Ош технологиялык университетин үч айдан бери убактылуу жетекчи башкарууда. Бакытбек Шамшиевдин уюштуруу комитетинин ишмердүүлүгүнө карата доо арызына алиге чейин соттун чечими чыкпай, шайлоо да өтпөй токтоп турат.

Бул боюнча облустук соттун басма сөз катчысы Назгүл Сагынбекова төмөндөгүлөрдү билдирди:

Назгүл Сагынбекова.
Назгүл Сагынбекова.

«Доогер Ш.Бнын ишенимдүү өкүлү Н.Анын жоопкер ОшТУ үчүнчү жактар С.А., И.И., Т.М., М.Ж. жана кызыккан тарап Билим берүү министрилигине карата ОшТУнун уюштуруу комитетинин ректорлукка талапкерди каттоо аракети мыйзамсыз деп табуу жөнүндө доо арызы боюнча жарандык иши Ош шаардык сотунда каралып, азыркы учурда 24-февралга дайындалды».

ОшТУдагы бул окуяга Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын көпчүлүгү назар салып турат. Анткени жетекчилердин үчүнчү ирет шайланышы маселеси өлкөдө буга чейин да талкууга алынып келген.

ОшТУнун мурдагы ректору Абдыкадыр Абидовдун айтымында, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору да бир ирет дайындалып, эки жолу шайлоодон өтүп иштеп жатат. Ушундай эле абалда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору да быйылкы жылы шайлоого катышкан.

Алдыда ушундай абалга кабылган ондогон жогорку окуу жайларынын жетекчилери шаардык соттун чечимин акмалап турушат.

Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университети Ош облусундагы эң ири окуу жайлардын бири болуп саналат. Анда 21 миңден ашуун студент окуйт. Бир жылдык бюджети 230 миллион сомдон ашуун каражатты түзөт.

XS
SM
MD
LG