Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Орусияда соттолгон кыргызстандык майып жарандын туугандары жардам сурашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда соттолгон кыргызстандык майып жарандын туугандары аны мекенине экстрадициялоону суранып жатышат. Бул тууралуу 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди:

«Начар уккан жараныбыз Орусияда камалып, соттолгон. Беренеси – экстремисттик материалдарды Интернетте таратуу. Туугандары кайрылышты. Ошол жараныбызды бул жакка алып келе алабызбы экстрадиция кылып деп сурап жатышат”.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев депутаттын суроосуна жооп берип, ал адамды мекенине алып келүүнүн жол-жобосу бар экенин билдирди:

“Алып келе алабыз. Өзүнүн процедурасы бар – алардын чыккан өкүмү биздин Жазык кодекске шайкеш келиши керек. Биздин Жогорку сотто ошол өкүмгө өзүнчө өкүм чыкканда бул жакка экстрадиция болот”.

Кыргызстандын калкынын саны 6,5 миллион адам. Алардын бир миллионго жакыны чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрүшөт, көбү Орусияда. Расмий маалыматка караганда, 2 миңдей кыргызстандык чет мамлекеттерде түрдүү кылмыштар үчүн соттолгон, алардын 1,5 миңи Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG