Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу унааларга жабылды


Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү (2018-жыл). (Архивдик сүрөт)
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү (2018-жыл). (Архивдик сүрөт)

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын Бишкек-Ош жолу менен жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы (ЖКККК) маалымдагандай, жүк ташуучу унаалар бүгүн, 24-февралда саат 15:00 тартып 25-февраль күнү таңкы саат 5:00ке чейин "Сосновка" бекетинен ары коё берилбейт. Бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылууда.

Ушундай эле чектөө Жалал-Абад облусундагы "Арал" бекетинде да киргизилет.

ЖКККК бардык айдоочулардан зарылчылык болбосо, аба ырайы турукташканча жолго чыкпай турууну өтүнүүдө.

23-февраль күнү Бишкек-Ош жолунда үч жерге кар көчкү түшкөн. Жалпы көлөмү 20 миң куб метрден ашуун кар көчкүнү тазалоо үчүн магистралдагы кыймылга убактылуу чектөө киргизилген. Көчкүдөн жабыркагандар жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG