Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Орусияда Навальныйды колдогон акцияга катышкан адам үч жылга камалды


Алексей Навальныйды колдоп чыккандарды полиция алып кетүүдө. 31-январь.
Алексей Навальныйды колдоп чыккандарды полиция алып кетүүдө. 31-январь.

Орусиянын Владимир шаардык соту оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары өткөргөн митингде "полицияга кол салган" деп айыпталган Виталий Тимофеенкону үч жылга камоо чечимин чыгарды.

Сот отуруму 5-мартта болду.

Тимофеенко 23-январдагы акцияны таратуу маалында полиция кызматкерине калемпир күкүмүн чачканы үчүн соттолду.

Тимофеенко калемир чачкычты колдонгонун мойнуна алды, бирок ал бул кадамга полиция кызматкери жерге жаткызып алган башка бир жаранга жардам берүү максатында барганын айтты.

Тимофеенко Орусияда Навальныйды колдогон акцияларга катышканы үчүн кылмыш жообуна тартылган экинчи адам.

2-мартта Кострома шаарынын 26 жаштагы тургуну 23-январдагы митингде полиция кызматкерине кол салган деп 1,5 жылга эмгек колониясына кесилген.

XS
SM
MD
LG