Ош шаарында самбо боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке Ош жана Бишкек шаарлары менен кошо 7 облустан келген спортчулар катышууда.
Республикалык деңгээлдеги чемпионат самбо жана күжүрмөн самбо боюнча уюштурулуп, анда жалпысынан 400дөн ашуун балбандар күч сынашууда.
2 күнгө созулган мелдеште спортчулар 64, 71, 77, 88, 90 жана андан жогорку килограммдагы салмактагылар болуп килемге чыгышты.
Жеңүүчүлөр алдыдагы эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргошот.(MrA)
Дагы караңыз