Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Орусия АКШнын Чалгын кызматынын маалыматын четке какты


Москва, Кремль
Москва, Кремль

Орусия АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракет кылган деген маалыматты четке какты.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги 17-мартта тараткан билдирүүдө бул айыптоолорду “дагы бир негизсиз дооматтардын бири” деп мүнөздөдү. Анда “Кошмо Штаттар өз көйгөйлөрүнө башкаларды айыптап, Орусиянын негативдүү образын түзүүгө аракет кылат”-деп айтылат.

Москванын мындай билдирүүсү АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директорунун кеңсеси тараткан докладга жооп иретинде жасалды. 16-мартта жарык көргөн докладда орус президенти Владимир Путинди тапшырмасы менен орусиялык мамлекеттик уюмдар Кошмо Штаттардын президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Жо Байденди каралоо жана Дональд Трампты колдоого багытталган кампанияларды жүргүзгөнү баяндалган болчу.

Ошондой эле докладда шайлоо учурунда Иран да добуш берүүгө таасир этүү үчүн “ар тараптуу көмүскө кампания” жүргүзгөнү айтылган. Учурда Ирандын бийлиги бул билдирүүгө жооп кайтара элек.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрында өткөн. Анын жыйынтыгында Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден мурдагы президент Дональд Трампты жеңип алган.

XS
SM
MD
LG