Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Добуш сатып алуу боюнча тогуз факт катталды


Шайлоону өткөрүү боюнча ыкчам чара көрчү координациялык топ 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 31 маалыматты каттаган. Анын ичинен добуш сатып алууга байланыштуу тогуз, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу сегиз арыз түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Добуш сатып алууну активдештирүүгө жана административдик ресурсту кыянаттык менен колдонууга жол бербешибиз керек. Мурдагы практикада көрсөткөндөй, мындай учурлар шайлоо күнү күчөйт. Буга чейин добуш сатып алуу боюнча тогуз факт катталды. Анын төртөө Бишкек шаарында".

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да өтөт. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. (MiK)

XS
SM
MD
LG