Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Кыргыз өкмөтү жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды


Кыргызстан. Дарыгер адамдын дене табын текшерүүдө.
Кыргызстан. Дарыгер адамдын дене табын текшерүүдө.

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек жана Чүй облусунда коронавирусттун көп катталып жатканын айтып, жарандарды өз жана жакындарынын ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга, социалдык аралык жана беткап тагынуу сыяктуу санитардык эрежени так сактоого чакырды. Бул тууралуу Марипов 30-марттагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешмеде айтты.

Ал тийиштүү органдарды эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишине даяр болушу керектигин белгиледи. Жыйында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан дары-дармек өлкө аймактарындагы медициналык мекемелерге жеткирилгени айтылды. Андагы маалымат боюнча, 1,5-2 айга жетиштүү медикаменттердин запасы бар.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 30-марттагы маалыматына караганда, бир сутка ичинде Кыргызстанда бул вирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Бир киши каза болду. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (61) жана Чүй облусунда (44).

Өлкө боюнча оору жуккандардын жалпы саны 88 726 адамга жетти, 1498 адам каза болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG