Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Тайванда поезд кырсыгында ондогон адам курман болду


Кырсык болгон жер. 2-апрель, 2021-жыл.
Кырсык болгон жер. 2-апрель, 2021-жыл.

Тайванда жүргүнчү ташыган поезд менен атайын техника кагылышып, бери дегенде 36 адам көз жумду. Ондогон киши жараат алганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Авария 2-апрелде аралдын чыгышындагы туннелде болгон. Куткаруу иштери уланууда.

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Тайпейден Тайдунду көздөй бараткан поездде 350дөй жүргүнчү болгон.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, инженердик-техникалык атайын автоунаа туура эмес токтотулуп, поезддин жолуна туруп калган.

Reuters агенттиги бул аварияны аралда соңку 40 жылдагы ири темир жол катастрофасы деп жазды. 1981-жылы поезд кырсыкка кабылганда 30 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG