Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

БШК: Мыйзам бузуулар боюнча 34 арыз түштү


 Бишкектеги добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга байланыштуу 9-февралынан 10-апрелге чейин Борбордук шайлоо комиссиясыеа 34 арыз-даттануу түштү. Анын алтоо кайра кайтарылып алынды. Бишкекте 15, Чүйдө 9, Ош шаарынан эки, Ош облусунан үч, Жалал-Абад облусунан бир, Баткенде үч, Таласта бир арыз боюнча БШК жалпы 17 чечим кабыл алды. Үч арыздын жыйынтыгы сотко жиберилди.

Бул тууралуу БШКнын арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев 11-апрелдеги брифингде билдирди.

Арыздарды бөлүп карасак: Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шартын бузуу боюнча алты, аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерин жети, алардын чечимдерине он алты, административдик ресурс колдонуу боюнча бир, каттоодон талапкерди чететтүү боюнча бир, билип туруп жалган маалымат таратуу боюнча бир, башка эреже бузуулар боюнча бир арыз келди".

Асаналиевдин айтымында, учурда арыз-даттануулар каралууда. Айрым арыздар укук коргоо органдары менен биргеликте каралып жатат. Эгер мыйзам бузуулар такталса, партиянын, талапкердин каттоосу жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жокко чыгарылууга тийиш.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (NT)

XS
SM
MD
LG