Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Байден: ооган өкмөтүн 11-сентябрдан кийин дагы колдоо уланат


Ооганстандын Улуттук полиция кызматкерлери коопсуздук пунктунда унааны ит менен унаа текшерип жатышат. Кабул шаары. 14-апрель, 2021-жыл.

Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Вашингтон Кабулга америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин дагы колдоосун уланта берерин билдирди. Ал 14-апрелдеги кайрылуусунда Ооганстандагы 2,5 миңдей америкалык аскерди чыгарып кетүү ушул жылдын май айынан тартып башталарын кабарлады.

"Биз шашылыш түрдө чыкпайбыз. Жоопкерчиликтүү мамиле жасап, коопсуз түрдө жана өнөктөштөрүбүз менен толук макулдашып анан чыгабыз".

Байден ошондой эле Пакистан, Индия, Кытай, Орусия жана Түркия өңдүү аймактык күчтөрдү Ооганстанда тынчтык орнотуу жараянына көмөктөшүүгө чакырды.

Байдендин билдирүүсүнөн көп өтпөй НАТО дагы аталган альянс Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тартып чыгара баштоого макул болгонун жарыялады.

АКШ бийлиги 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук чабуулдан 20 жыл өткөн соң өз аскерлерин Ооганстандан толук чыгарганы жатат. Бул чабуулдан соң террорчулукка каршы Вашингтон баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга киргизилген. Учурда бул өлкөдө кеминде 2,5 миңдей америкалык аскер бар. Аларды НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жети миңдей жоокери колдоого алып келет.

АКШнын экс-президенти Доналд Трамптын администрациясы былтыр “Талибан” кыймылы менен тынчтык келишимин түзүп, америкалык аскерлерди 2021-жылдын 1-майына карата бул өлкөдөн чыгарып кетүүгө убада кылган.

Бул үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Аль-Каида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү керек болчу. АКШнын быйыл кызматка киришкен президенти Жо Байден талиптер тарабынан тынчтык келишимдин шарттарын аткаруу маселесин кайра карап чыгарын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG