Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

«Медиазона»: Москвада уурдалган тажик жараны мекенине жеткирилген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелде белгисиз адамдар 30 жаштагы Кием Гуловду Москвадагы батиринен кармап кетип, Тажикстанга жеткиришкен. Мекенинде ал терроризмди каржылаган деп айыпталууда.

«Медиазона» басылмасынын маалыматына караганда, батирдин ээси курулушта иштеп жүргөн Гуловду алып кетүү үчүн келген кишилер өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери деп тааныштырышкан.

Кием Гулов Москвага 2016-жылы барган. Туугандарынын айтымында, 2017-жылы ал Сауд Арабиясына окууга кетиши керек болгон жердешине баш калка берип, батиринде чогуу жашап калган. Көп өтпөй жердеши аэропортко баратканда кармалып, Тажикстанга депортацияланган. Мекенинде ал экстремизмге айыпталып, телефонунан Кием менен түшкөн сүрөтү табылган. Мындан улам тажик бийлиги Гуловду «терроризмге байланышы бар адам катары» каттаган. Ошол эле жылы ал Тажикстандын өтүнүчү менен кармалып, Нальчик шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Сот Гуловду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, дээрлик эки жылдан кийин кое берилген.

Москвадагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин айтымында, быйыл февраль-март айларында терроризмге жана экстремизмге айыпталган 200 тажикстандык Орусиядан мекенине жеткирилген.

XS
SM
MD
LG