Баткенде милиция беш жаштагы баланын өлүмүнүн себептерин териштирип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, баланын өлүмүнүн жагдайына байланыштуу маалыматтар буга чейин катталган эмес.
Арка айылынын беш жаштагы тургуну чек арадагы коогада качып баратып, сууга агып кеткени тууралуу маалыматтар 3-майда интернеттеги социалдык желеге тарады.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Ок тийип курман болгондордун арасындда 13 жаштагы кыз да бар. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак-жай талкаланып, өрттөлдү.
Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.
Жаңжал жер талаш катары мүнөздөлүүдө. (SE)