Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Байден полициянын колунан өлгөн Флойддун үй-бүлөсүн кабыл алды


Флойддун жакындары. Вашингтон, 25-май 2021-жыл
Флойддун жакындары. Вашингтон, 25-май 2021-жыл

25-майда АКШ президенти Жо Байден Ак үйдө маркум Жорд Флойддун үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы мыйзам чыгаруучулар полицияны реформалоого жол ачкан документти кабыл аларына үмүт артарын билдирди.

46 жаштагы ынды кара Флойд былтыр 24-майда Миннеаполисте полиция кызматкеринин колунан жан берген. Дерек Шовин аттуу тартип коргоочу анын моюнун тогуз мүнөттөн ашуун жерге ныгыра басып турган. Флойддун өлүмү расизмге жана полициянын зордук-зомбулугуна каршы толкундоолорго түрткү болду. АКШнын көп шаарларында жана чет жактарда өткөн демонстрацияларда полицияны реформалоо чакырыгы жаңырып келген.

Байден Флойддун өлүмүнүн бир жылдыгына чейин сөз болуп жаткан мыйзамдын кабыл алынышын боолголоп жаткан. Бирок ал документ Конгрессте кармалып калды.

Мыйзам долбооруна ылайык, полиция кызматкерлерине шектүү адамдарды кармаганда муунткан ыкмаларды колдонууга, алдын ала эскертилбеген рейддерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

Флойддун өлүмүнүн бир жылдыгын утурлай Американын ар кайсы штаттарында пикет, митинг, жүрүштөр уюштурулду. Катышуучулар өлкөдө кеңири жайылган расизм менен дискриминацияга чекит коюуга чакырышты.

Ал эми Флойддун өлүмүнө айыпталып жаткан 45 жаштагы Шовинге сот өкүмү 25-июнда чыгат. Ал 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG