Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Өзбекстанда өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмделет


Андижандагы секелек кыз. 18-май, 2005-жыл.
Андижандагы секелек кыз. 18-май, 2005-жыл.

Өзбекстанда кийинки жылдан баштап 9-14 жаштагы өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Шавкат Мирзиёев 27-майда кол койду.

Ага ылайык, 2022-жылдан баштап 30-55 курактагы аялдар жатын моюнчасындагы рак илдетине, ал эми 45-65 жаштагы аялдар эмчек рагына милдеттүү түрдө текшерилет. Мындай чара рак илдетинин Өзбекстанда жайылышын алдын алуу жана эрте аныктоо максатында кабыл алынды. Ошондой эле бардык райондордо жана шаарларда атайын онкологиялык ооруларды текшерген борборлор ачылат.

Онкологиялык ооруларды текшере турган жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн бюжет 61,2 млрд. сумдан 120 млрд.сумга көбөйтүлдү.

Адамдын папиллома вирустарынын айрым түрлөрү жатын моюнчасынын рак илдетин пайда кылышы мүмкүн.

Өзбекстанда жатын моюнчасынын рагы жылына 1700-1800 аялдан аныкталарын Санэпидемстанция кызматынын жетекчисинин орун басары Ботир Курбонов быйыл февралда билдирген. Анын айтымында, өлкөдө баарынан көп эмчек рагына жана ашказан рагына чалдыккан аялдар болсо, экинчи орунда жатындын моюнчасынын рагына кабылгандар турат.

XS
SM
MD
LG