Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

COVID-19: АКШ мамкызматкерлерди эмдөөдөн өткөрөт


АКШдагы эмдөө борбору
АКШдагы эмдөө борбору

АКШ президенти Жо Байден бардык федералдык кызматкерлерди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү планын жарыялаганы жатат.

АКШда бардык федералдык кызматкерлер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Мындай талапты президент Жо Байден 29-июлда жарыяларын Ак Үйдөгү булактар кабарлады. Планга ылайык, вакцина алууну каалабаган мамлекеттик кызматкерлер коронавирус жуктурбаганын далилдеген тесттин жыйынтыгын көрсөтүп турушу керек. Алардын иш сапарларга чыгышына да чектөө киргизилет.

Президент Байдендин планы менен жакындан тааныш булактардын айтымында, жаңы талапты федералдык кызматкерлерди милдеттүү эмдөө катары атоого болбойт. Анткени, кызматкер вакцина алууну каалабаса жумуштан бошотулбайт.

Кошмо Штаттардын бийлиги мындай чараны өлкөдө коронавирустун жугуштуу делген “дельта” варианты тарап жаткандыктан колдонууда.

Жо Байден эмдөөдөн өтүп жатат
Жо Байден эмдөөдөн өтүп жатат

Жо Байден АКШдагы эпидемиологиялык абалдын начарлап кетишине эмдөөдөн өтпөгөндөр жоопкерчиликтүү экенин билдирген. Ал 28-июлда Пенсильванияда “Азыр башыбыздан өткөрүп жаткан пандемия вакцина албагандардын пандемиясы” деп айткан болчу.

Эми жарыялана турган планга ылайык, өлкө боюнча 4,2 миллиондон ашык федералдык кызматкер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бир күн мурда Нью-Йорк штатынын бийлиги мамлекеттик кызматкерлер сентябрдын башына чейин вакцина алышы керектигин билдирген. Мындай шартка макул болбогондор жума сайын вирус жуктурбаганын далилдеген тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо абалды көзөмөлгө алуу үчүн дал ушундай кадамдарга баруу керектигин билдирди:

“Президент Байден бардык федералдык кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүү же тест тапшыруу боюнча талапты жарыялайт деп кабарланууда. Нью-Йорк штаты да дал ушундай кадамга барат. Бул жараянды ыкчам жана адилет уюштуруу үчүн кесиптик кошуундар менен иштеп жатабыз”.

Буга чейин коронавирус жайылып жаткан Калифорния штатынын жетекчилиги да ушундай талап койгон эле.

АКШда мамлекеттик органдардан башка ири жеке компаниялар, университеттер да кызматкерлерин COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөрүү тартибин киргизип жатат. Маселен, Facebook, Google сыяктуу технологиялык гиганттар кызматкерлер кеңсеге келердин алдында вакцина алышын талап кыларын жарыялады.

Анткен менен Кошмо Штаттардагы республикачылар башкарган 18 штаттын бийлиги эмдөөдөн өтүүгө жана эмдөө паспортун талап кылууга каршы чыгууда. Ошондуктан, президент Байдендин соңку планына республикачылар каршы чыгышы мүмкүн.

Ансыз деле АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун "толук вакцинациядан өткөн жарандар да имарат ичинде беткап тагынышы керек" деген эрежесине каршы болгондор көп болууда.

кийинки президенттик шайлоого республикачылардын талапкери болот делген Флориданын губернатору Рон ДеСантис жаңы эрежени сынга алды:

"Флориданын тургундары, башка бардык америкалыктардай эле кантип жашашты, өзү жана үй-бүлөсүнө кандай кам көрүштү өздөрү чечиши керек", - деди ал шаршембиде сүйлөп жатып.

Соңку айларда коронавирус жуктургандардын саны азайып калган АКШда бир катар чектөөлөр алынган болчу. Бирок акыркы апталарда кескин көбөйүп жатат. Маселен, июль айында вирус жуктургандар беш эсеге көбөйүп, күнүнө 57 000ге чейин жетти.

Борбор Азияда коронавирус жугузгандар көбөйүүдө

Ал ортодо Борбор Азиядагы Өзбекстан менен Казакстанда эпидемиологиялык абал курчуп баратат.

Казакстанда коронавирус соңку бир суткада 97 кишинин өмүрүн алды. 7500дей кишиден вирус аныкталды. Жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экенин саламаттык сактоо министри Алексей Цой 29-июлда билдирди.

Ал ошондой эле, оор абалдагылардын көбүнүн өнөкөт оорулары болгонун жана вакцина албагандар экенин кошумчалады.

"Тилекке каршы, ооругандардын 99% эмделбегендер. Муну токтотуу үчүн бардык чараларды көрүп, вакцинация кампаниясын күчөтүүдөбүз", - деди Цой.

Ал эми Өзбекстанда болсо парламент вакцинациядан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун жактырды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эмдөө жараянын тездетүүнү тапшырды.

Ал вакцина алгандар деле коронавируска чалдыгышы мүмкүн экенин кошумчалап, андай бейтаптар ооруканадан төрт күндө чыгарылып жатканын, ал эми эмделбегендер катуу ооруп жатканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG