Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Ош шаарында жаңы мэрге талаптарын айткандар митингге чыкты


Ош шаарында митинг өттү
Ош шаарында митинг өттү

Ош шаарында 2-августта жаңы мэр дайындалганына байланыштуу тынчтык митинги өттү. Ага онго чукул шаар тургундары катышып, жаңы мэрге карата өзүнүн талаптарын айтышты.

Митингди уюштуруучулардын бири “Улуу Журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев жаңы жетекчиге болгон элдин талабын айтты.

"Жаңы дайындалган мэр ишти ушул мэриянын ичинен башташы керек. Көчөгө чыгып бир эки объекти көрүп, аны коомчулукка пиар кылуунун кереги жок. Азыр мэриянын аппаратына эле онго чукул кылмыш ишин козгосо болот. Жаңы мэр ошолорду иретке келтирип, мыйзамсыз аракеттерге жол бербеши керек".

Тынчтык митинги бир сааттай болду. Митингге чыккандарга мэриядан эч ким чыккан жок. Ош шаардык кеңешине жаңыдан дайындалган депутаттар митингге чыккандар менен жолугуп талаптарын угушту.

1-августта Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэрлик кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Мамбетов дайындалган. Ал эми Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2-августта Мамбетов менен Сарыбашов Бишкек жана Ош шаарынын мэриясынын аппаратына расмий тааныштырылып, жумушуна киришкен.(MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG