Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Борбор Азиядагы мамлекеттердин президенттери саммитке чогулушту


Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери кезектеги саммит үчүн Түркмөнстанга чогулушту. Алар Түркмөнбашы шаарында кызматташуу маселелерин талкуулашат. Президент Садыр Жапаров ал жакка 5-августта жөнөп кеткен.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташтык маселелери, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапар алкагында Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жыйын 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. 2020-жылы Кыргызстанда өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жана октябрь окуяларынан кийин Түркмөнстан аны Ашхабадда өткөрүүнү сунуш кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG