Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Шайлоо учурундагы талаш-тартыштардын себебин талдаган жыйын өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 16-августта Бишкекте журналисттер үчүн шайлоо өнөктүгү учурунда пайда болгон талаш-тартыштардын себебин жана кесепеттерин талдаган жыйын өтөт. Талкууну уюштуруп жаткан “Жалпы иш” коомдук фонду билдиргендей, анда буга чейинки шайлоолор учурунда катталган талаш-тартыштар боюнча анализ жасалат.

Уюмдун маалыматына караганда, 2017-жылкы президенттик шайлоо учурунда тигил же бул жалпыга маалымдоо каражатынын аккредитациясын токтотуу, жарыяланган материалын алып салуу же төгүндөө сыяктуу талап коюлган 15 арыз түшкөн. Жалпысынан ошол шайлоо өнөктүгү маалында расмий түрдө 103 арыз катталган.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылгандан бери жаңы шайлоо жарыялана элек. Ал эми быйыл январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG