17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Бийик тоолордо түнкүсүн -0…-5, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түндө 12…14°, күндүз 28…30 градуска чейин ысыйт. (МТа)