Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгону жаткан кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылына келип калды.
26-августта Чырпыктыда бир аз эс алып, Балыкчыны көздөй сүзүп жөнөй турганын “Азаттык” радиосуна аны коштоп жүргөндөр кабарлашты.
Сууда сүзүү боюнча спорт чебери, 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта баштаган. Ал Караколдон Балыкчыга чейинки 180 чакырымды сүзүп өтүүнү пландап жатат. 26-августка карата Караколдон Чырпыктыга чейин 140 чакырымды өттү.
Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.
Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.
Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.
Владислав Шулико буга чейинбир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген. (KS)
Facebook шеринеси