Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:16

Бийликти сындаган активист кармалды


Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

Ички иштер министрлиги "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берип, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганы үчүн кармалганын маалымдады.

Анын жактоочулары коюлган кинени төгүндөп, муну саясий мотив менен байланыштырууда. Активисттин кармалышы коомчулукта да талкуу жаратты. Нарматова Садыр Жапаров камакта жатканда анын тарапкери болчу, ал президенттикке шайлангандан кийин кайра сындай баштаган.

Кармоонун төркүнү

Орозайым Нарматованын кармалышына байланыштуу кабар алгач 10-сентябрда таңга жуук социалдык түйүндөрдө тарады. Кийин ал мүчөлүк кылган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу активист Ош эл аралык аэропортунда кармалып, Бишкекке алып кетишкенин кабарлады.

Түштөн кийин Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Нарматованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме активист Москва шаарындагы “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар" аттуу коомдук кыймылдардын лидери жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү катары Орусияда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүп келгенин белгилейт.

“Бул иш-чараларда Нарматова дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата негизсиз сындарды айтып келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу жана тескери пикир жаратуу аракети жүрүп турат. Анын аракеттеринде аймактык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктар жана шарттарды жаратуу үчүн тескери коомдук маанайды түзүүнүн белгилери бар”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Маалыматта айтылгандай, топтолгон материалдар Жазык кодексинин 313-беренеси – “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Мекеменин басма сөз кызматы, Нарматова ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен Оштон Бишкекке жеткирилгенин белгилейт. Учурда ага карата тергөө иш-чаралары уланууда.

Анын алдында Нарматованын адвокаты болуп бекиген Сейитбек Довлотов “Азаттыкка” буларды билдирген.

“Орозайым агасы каза болуп ошого келген, кайра бүгүн таңкы саат бештерде Оштон учуп кетмек. Бирок мага саат төрттөрдө чалып, “мени аэропорттон кармап калышты, келип жардам кыла аласызбы?” деди. Мен ордер алып, барсам аэропортко киргизбей коюшту. Нарматова менен телефондон сүйлөшкөнгө үлгүрүп калдым. Ал “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган” деген күнөөнү коюп жатат” деди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн сурасам тапшырма Бишкектен келген экен. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозайымдын жанындагы буюмдарды алып текшерүү тууралуу токтом кабыл алыптыр”, - деди Довлотов.

Бул күнү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү жана Орозайым Нарматованын жакындары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшүп, милициядан анын кармалышынын мыйзамдуулугун түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов Нарматованын иши боюнча маалымат берип, анын Өзгөндөгү үйү тинтүүгө алынганын да ачыкка чыгарды.

“Орозайым Нарматованы Бишкекке суракка жеткирүү тууралуу тергөө тапшырмасы келген. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында суракка алуу, адамды жеткирүү боюнча тапшырма берилет. Биз аны аткарганга милдеттүүбүз. Ошондуктан биз Орозайым Нарматованы аэропорттон алып Бишкекке жөнөткөнбүз. Иш козголсо эле камап салат деп ойлобош керек. Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде тинтүүгө алдык. Тиешелүү материалдарды Бишкекке жөнөттүк. Эч кандай мыйзам бузуу, каршылык болгон жок”.

Коомчулуктун реакциясы

Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча коомчулукта талкуу күчөп, социалдык түйүндөрдө бул аракетти айыптап жатышат. Саясатчылар, активисттер, журналисттер жана катардагы интернет колдонуучулардын узун катмары өз пикирлерин жарыялашты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева активист Орозайым Нарматованын камалышы бийликтин аброюн түшүрөт деп билдирди. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.

"Орозайым Нарматованы кармап кетүү - уят жана бийликтин аброюн болуп көрбөгөндөй түшүрөт. Орозайым - мыкты саясатчы, өзүнүн позициясы бар. Ушундай адамдар саясатта болушу керек жана парламентке келиши керек. Эң негизгиси анын кармалышы мыйзамсыз жана коюлуп жаткан күнөө суу кечпейт", - деп жазган.


Активисттин кармалышын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы айыптаган. Эл өкүлү муну чектен чыккан иш деп эсептейт жана тез арада бошотууну талап кылган.

"Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шек саналгандар ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абийир алып келбейт", - деп жазган саясатчы өзүнүн Facebook баракчасына.

"Москвада агасына куран окутмак"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиянын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышын Кыргызстандагы мыйзамсыздыктын жеткен чеги катары баалады. Бул тууралуу ал 10-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

“Эки доско каршы сүйлөп койсоң бийлик аны мамлекетке каршы сүйлөгөндөй кабыл алат. Каалаган берене менен айып коё берет, ал жараша берет. Бул өтө чоң жапайычылык. Орозайым Нарматова бир ай атасынын үйүндө жаткан экен. Эмне үчүн укук коргоо органдары үйүнө барып койбойт? Эмне үчүн аэропортко келип учайын деп каттоодон өтүп жатканда кармашат? Милиция качантан бери чек араны кайтарып калды эле? Ал эми чек ара кызматы кимге баш ийерин билесиңер. Экинчиден, ал кыз жападан-жалгыз бир тууган агасынын сөөгүн алып келип жерге берип, кыргыздын салты боюнча 40 күндөн кийин жеңесин, агасынан калган төрт баланы алып кетип баратканда кармалганы чектен чыккан жапайычылык”, - деди Мадумаров.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Ага чейин азыркы президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Ал тургай Жапаров негиздеген “Мекенчил партиясынын” катарында жүрүп, ал камалган кезде Бишкекте жана Ошто саясатчыны колдогон ондогон митингдерди, жүрүштөрдү өткөргөн.

Садыр Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Москвадагы “Мекеним Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамилахан Бегиева “Азаттыкка” буларды айтты:

Жамилахан Бегиева.
Жамилахан Бегиева.

“Орозайым бир жыл мурда апасын жоготуп алган, Марапат эже каза болуп калды. Бир тууган таекеси Маматжан Акжолов, чоң окумуштуу Москвада көз жумду. Андан бир аз өтпөй эле Орозайымдын бир тууган агасы каза болуп, аны Москвадан Кыргызстанга алып кеткен. Ушул бейшембиде кыркын өткөрүп, жекшембиде Москвада куран окутуп, бизди чакырмак. Ошого учуп келатып кармалыптыр. Бул саясатка эле эмес, кыргызчылыкка деле, мусулманчылыкка деле жатпайт. Кандай сүйлөгөн күндө да “тилде сөөк жок”, “баш кесмек бар, тил кесмек жок” дейбиз. Ар кимдин өз чындыгы бар, ал миң сындаган күндө деле бийлик башындагылардын ушундай жолго барганы туура эмес. Акыркы жылдары өзү Кыргызстанда саясаттын эрежелери менен кармаш болбой калды да, кимде күч, кимде бийлик болсо эле камап, баса калышат экен. Бул бийликтин дагы, мурунку бийликтин дагы каталары бар, бирок акыркы мезгилде саясий каталар көбөйүп кетти. Ошолорду айтып койсо эле күчкө салганы туура эмес. Менимче бул жерде Орозайым азыркы бийлик менен Мадумаровдун күрөшүнүн курмандыгы болуп калды окшойт”.

Мурдараак азыркы бийликти сындаган бир нече активист жана саясатчылардын кармалышы да талкуу жараткан. Алардын ичинде Тилекмат Кудайберген уулу да бар. Ал "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеген, "Ханституцияга каршы" борборунда мүчө болгон. Кийин бир жарым жылга соттолду.

Камактагы оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов болсо былтыркы октябрь окуяларына айыпталып кармалган. Ага кийин дагы үч кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилди.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттык" радиосуна президент Садыр Жапаров саясий куугунтукка аралашпай турганын билдирген.

Нарматованын кармалышына байланыштуу соцтармактагы реакция

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG