Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Орусиядагы шайлоо: бийликтин партиясы алдыда


Москвадагы шайлоо бекеттеринин биринде. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Москвадагы шайлоо бекеттеринин биринде. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Орусияда үч күнгө созулган парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Мыйзам бузуулар менен коштолгон бул шайлоодо да бийликчил "Бирдиктүү Орусия" партиясы алдыга чыкканы айтылды.

БШК маалыматына караганда, добуштардын 90% саналгандан кийин "Бирдиктүү Орусия" партиясы 49,66%, Коммунисттик партия - 19,56, Либерал-демократиялык партия 7,5% добуш алса, "Адилеттүү Орусия" - 7,38% , ошондой эле бул ирет "Жаңы адамдар" партиясы добуштардын 5,3% менен Мамлекеттик думага өттү.

Орусияда биринчи жолу федералдык шайлоо үч күнгө созулду. Бийлик пандемия шартында санитардык эрежелерди сактоо үчүн ушундай кадамга барганын жүйө келтирди. Анткен менен байкоочулар добуш берүүнүн бир нече күнгө созулушу жыйынтыкты бурмалоого шарт түзөрүн белгилеп жатышат.

Орусиялыктар Мамлекеттик думанын депутаттарын, 12 аймактын губернаторун жана 39 аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлашты.

Бул ирет дагы Кремлдин колдоосуна ээ "Бирдиктүү Орусия" партиясы алдыга чыгары күтүлүп жатат. Анткени оппозиция лидери Алексей Навальныйга жан тарткан көптөгөн активисттерди бийлик шайлоого чейин эле куугунтуктап, айрымдарын камап, кээ бирлерин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылган.

Ошондой эле бийлик Навальныйдын штабдарын "экстремисттик уюмдардын" тизмесине киргизип, саясатчынын өнөктөштөрүн шайлоого катыштырбай койду.

Добуш берүүнү утурлай Навальный "Инстаграмга" жазган билдирүүсүндө "Эгер "Бирдиктүү Орусия" партиясы ийгиликке жетсе, биздин мамлекет дагы беш жыл жакырчылыктан чыкпайт, дагы беш жыл куугунтуктоо уланат жана дагы беш жыл жөн гана текке кетет",- деп жазды.

Ошентсе да бийликтин партиясы мурдагыдай парламенттеги орундардын төрттөн үч бөлүгүн ээлей албай калышы мүмкүн. Анткени шайлоо алдындагы сурамжылоолор "Бирдиктүү Орусиянын" популярдуулугу 30% түшүп кеткенин көрсөткөн.

Учурда партиянын мүчөлөрү Мамлекеттик думадагы 450 орундун 334үн ээлеп турат.

Коммунистик партия экинчи

Экинчи орунда Коммунистик партия келе жатат. Бул партияны негизинен улгайган адамдар колдошот. Ал эми бул жолку шайлоодо коммунистер Навальныйдын тарапташтарынын да добушун алышы толук мүмкүн.

Коммунистик партиянын лидери Геннадий Зюганов добуш берип жатып, бийликке кайрылды:

"Мен бийликке кайрылам, алдабагыла, шайлоочулардын бюллетендерин уурдабагыла, жасалма добуштарды кошпогула".

Коммунистик партиянын лидери Геннадий Зюганов.
Коммунистик партиянын лидери Геннадий Зюганов.

Анткен менен бул шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолгонун байкоочулар белгилеп жатышат. Добуш берүүнүн биринчи күнүндө бардык бекеттерде шайлоочулардын узун кезектери байкалган. Көз карандысыз "Голос" уюмунун жетекчисинин пикиринде, бийлик бул күнү бардык мамлекеттик кызматкерлерди жана аскерлерди добуш берүүгө милдеттендирген болушу ыктымал:

"Биз өлкө боюнча бардык шайлоо бекеттеринде топтолгон адамдарды көрдүк, алардын барын күчтөп добуш бердиришти. Ишемби, жекшемби күндөрү, өзгөчө кеч киргенде биз бюлеттендер сакталган жайлардын эшиктерин бузуп киришкени тууралуу маалыматтарды ала баштадык. Айрым адамдар байкоочуларсыз кирип барып, түнкүсүн бир иштерди кылышыптыр",- деген шайлоого байкоо салган «Голос» уюмунун тең төрагасы Станислав Андрейчук. Ал айрым мамлекеттик кызматкерлерди иш маалында эле, алар катталбаган бекеттерден күчтөп добуш бердирткен болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Голос" уюму эки миңдей процедуралык мыйзам бузуу катталганын билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдиргендей, беш аймакта алты миңдей бюлеттен жараксыз деп табылган.

"Акылдуу добуш берүүгө" бут тосуулар

Бул жолу коммунисттерге Навальныйдын "Акылдуу добуш берүү" же "Умное голосование" деп аталган долбоору да жардам бериши мүмкүн. Алгач 2018-жылы колдонулган бул интеллектуалдык добуш берүүнү "Бирдиктүү Орусияга" каршы чыккан талапкерлерге жардам берүү үчүн ойлонуп табышкан. Бул долбоор бийликтин партиясынан чыккан талапкерди ута ала турган оппозициячыл талапкерди аныктаганга жардам берет.

Добуш берүү башталганда Навальныйдын тиркемеси Apple менен Google компанияларынын интернет-дүкөндөрүнөн жоголуп кетти. Кремлдин башкы сынчысынын тарапташтары технологиялык гиганттарды цензурага жана Москванын "басымына баш ийгенин" үчүн айыпташты. Ошондой эле Навальныйга тийиштүү делген 50дөй веб-сайт, анын ичинде "Акылдуу добуш берүүгө" багытталган баракча да блоктолду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG