Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Өзбек-кытай вакцинасын алгандар кичи ажылыкка бара албай жатат


Пандемия учурундагы ажылык. Мекке. 29-июль, 2020-жыл.
Пандемия учурундагы ажылык. Мекке. 29-июль, 2020-жыл.

COVID-19га каршы өзбек-кытай вакцинасы менен эмделгендер ажылык же умра үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатышат.

Маалыматка караганда, өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өткөн эмес жана Сауд Арабиясы аны тааныбайт.

Podrobno.uz интернет басылмасы Өзбекстан ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын сертификаттарын таануу боюнча Сауд Арабия бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Атабеков кытай-өзбек вакцинасын каттоого алуу үчүн тиешелүү документтер ДССУга жөнөтүлгөнүн айтты.

“Эгер уюм аны тааныса, албетте, маселе чечилет”, – деп белгиледи ал.

Буга чейин өзбекстандыктар кичи ажылыкка (умра) баруу үчүн Сауд Арабиясында таанылган вакциналардын бири менен эмделиши керек экени айтылган. Бул – Pfizer/BioNTech (АКШ/Германия), AstraZeneca (Британия), Moderna (АКШ) жана Johnson & Johnson (АКШ) вакциналары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG