Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

ИИМ: Бишкектеги камералардын көмөгү менен 848 кылмыш ачылды


Зым карагайга орнотулган камера. Иллюстрациялык сүрөт.
Зым карагайга орнотулган камера. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектин көчөлөрүнө орнотулган камералардын көмөгү менен тогуз айда 848 кылмыш иши ачылды.

Маалыматка ылайык, кишинин жүзүн аныктоочу санариптешкен командалык борбор ишке киргенден бери издөөдө жүргөн 55 адам кармалса, быйылкы тогуз айда издөөдөгү 13 адам колго түшкөн.

2019-жылдын аягында Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулуп, "Командалык борбор" долбоору ишке кирген. Борбордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу экени маалымдалган.

Адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюму кишинин жүзүн таануу технологиясы бийликке жарандарды толугу менен көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, эркиндигин чектейт деп билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG