Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Байден менен Рим папасы Франциск жолукту


АКШнын президенти Жо Байден менен Рим папасы Франциск. Ватикан. 29-октябрь, 2021-жыл.

29-октябрда АКШнын президенти Жо Байден беш күндүк сапар менен Европага келди. Ал ушул эле күнү Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, экөөнүн жолугушуусу узакка созулуп, 1 саат 15 мүнөттү түздү. Буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен Рим папасынын 2017-жылдагы сүйлөшүүсү жарым саат гана болгон, ал эми дагы бир экс-президент Барак Обама 2014-жылы понтифик менен 50 мүнөттөй сүйлөшкөн.

АКШ президенти менен Рим папасы пандемия, климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жакырчылык тууралуу сүйлөшмөк. Байден Кошмо Штаттардын башына келген Жон Кеннедиден кийинки эле экинчи католик.

Байден ошондой эле, Римде 30-октябрда баштала турган Чоң жыйырманын эки күндүк саммитине катышат. Андан тышкары Ирандын өзөктүк программасы боюнча өнөктөштөрү менен жолугат.

Сапарынын алкагында Байден 1-ноябрда Глазгодо башталчу Климат боюнча дүйнөлүк жыйында сөз сүйлөйт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG