Гидрометеорология агенттиги 2-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 11...16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8°.
Бишкек шаарында түндө жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 1…3, күндүз 14…16°.
Facebook шеринеси