Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Шайлоо: Талапкер Равшан Жээнбеков абакта калды


Сот Равшан Жээнбековду абакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Райондук сот Равшан Жээнбековдун ишин карады. 3-ноябрь, 2021-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-ноябрда оппозициялык саясатчы, парламенттик шайлоого Бишкектен талапкерлигин койгон Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды.

Атап айтканда, адвокат Замир Жоошевдин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Жээнбековду абактан бошотуу жана ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берүү боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок.

Судья Азирет Медеров саясатчынын өтө оор абалда экенин тастыктаган медициналык аныктамалар жок деген жүйө келтирди.

Саясатчы камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирген адвокат Замир Жоошев судья кабыл алган чечим соттун мурдагы иш-аракетине каршы келип жатканына токтолду.

"Эми мындан ары биз ойлонобуз, талапкер катары катталган Равшан Жээнбеков канткенде өз укуктарын колдоно алат? Ал шайлоо алдындагы үгүт иштерин кандай жүргүзөт? Судья Азирет Медеров кабыл алган чечим, соттун мурдагы иш-аракетине логикалык жактан карама-каршы келип жатат. Себеби, сот буга чейин №1 тергөө абагынын администрациясына кайрылып, Равшан Жээнбековду БШКга алып барып, талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырууга шарт түзүлсүн деген. Эми кайра камакта калсын деген чечимине биз түшүнбөй жатабыз".

Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык саясатчыны камакта экенине карабай, талапкер болууга укуктуу деп таап, Бишкектеги №26 Ленин шайлоо чөлкөмүнөн талапкер кылып каттаган. БШК мүчөлөрү шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтып, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришкен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов 3-ноябрда "Азаттык" менен маегинде Равшан Жээнбековдун акыркы сот чечимине байланышкан маселени БШКнын жумушчу тобу карашы керектигин билдирди.

"Негизи Равшан Жээнбековго байланыштуу маселе күн тартибине коюлган эмес. Бирок мен сунуштап, суроону чечүүгө коюш керек экендигин өтүнөм", - деди Маматов.

Саясатчынын уулу Азат Равшан соттун бүгүнкү чечиминен кийин атасынын ордуна үгүт жүргүзө турганын билдирди.

"Эми анын ордуна үгүт иштерине чыгып турайын деп атам, үгүт иштери кадимкидей эле тартипте жүрө берет. Эртеңден тарта Ленин районун кыдырып, эл менен жолугам. Негизи биз бул соттук отурумга чейин адилет чечим чыгат деп үмүт артып турганбыз, бирок андай болбой калды".

Социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева соттун бүгүнкү чечимин бийликтин буюртмасы катары сыпаттады.

"Көз карандысыз чечим кабыл алган жок. Биздин соттор 7-кабаттан, прокуратура жана УКМКдан көз каранды болуп жатат. Негизи эле Равшан Жээнбековдун абакта жатканынын өзү саясий чечим. Анткени ал оппозициялык көз караштагы саясатчы катары бийликти ачык-айкын сындап келет".

Соттук жараян алдында саясатчы Равшан Жээнбеков журналисттердин суроосуна ушундай эле өңүттө жооп берген. Ал үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулар менен жолугуша албай, Конституциялык укуктары бузулуп жатканын белгилеген болчу.

"Кыргызстанда талапкерлерден жалгыз гана мен түрмөдө камалып, Конституциялык укуктарым бузулуп отурам. Бул саясий басым жана саясий өч алуу. Шайлоого кое бербей коюу аракети болуп жатат. Бийлик сотторду пайдаланууда. Шайлоочулар менен жолуга албай, маалымат каражаттарына чыгуу мүмкүнчүлүгүм чектелип жатат", - деди Жээнбеков.

Бирок Равшан Жээнбековдун ишинде саясий буйрук бар экенин расмий органдар четке кагып келет. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы саясатчынын сотуна байланыштуу мындай комментарий берген:

"Соттор - көз карандысыз бийлик бутагы, алардын ишмердүүлүгүнө эч ким кийлигише албайт".

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.


Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес.

Буга чейин Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын, ал "өнөкөт гепатитке" жана башка вирустук-инфекциялык ооруларга чалдыкканын жакындары жана жактоочусу дарыгердин аныктамасына таянып билдиришкен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG