Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Мигранттардын айынан "Аэрофлот" санкцияга кабылышы ыктымал


Шереметьево аэропорту, Москва. Май, 2021-жыл.
Шереметьево аэропорту, Москва. Май, 2021-жыл.

Беларус-Польша чек арасындагы миграциялык кризистин айынан Евробиримдик орусиялык "Аэрофлотко" авиакомпаниясы каршы санкция киргизүүнү караштырууда. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянып жазып чыкты. Азырынча расмий маалымат жок.

Bloomberg булагы чектөөлөргө мигранттарды чек арага жеткирген жеке адамдар да туш болушу мүмкүндүгүн айткан. Анын сөзүнө караганда, Евробиримдик Түркиянын Turkish Airlines компаниясын да "кара тизмеге" киргизүүнү көздөөдө. Санкциялар тууралуу маалымат декабрдын башында ачыкка чыгышы мүмкүн.

Миграциялык кризистин айынан "Аэрофлот" санкцияга кабылышы ыктымалдыгын мурдараак Politico басылмасы жазган. Аба компанияларынын ишин чектөө маселесин АКШ президенти Жо Байден менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да талкуулаган.

Беларус-поляк чек арасындагы кырдаал 8-ноябрда кескин курчуган. Беларус тараптан бир нече миң киши чек арага келип, зым тосмолорду бузуп, Польшага кирүүгө аракеттенген. Аскерлер менен чек арачылардын каршылыгына кабылган мигранттар чек арада лагерь куруп алды.

Минск Варшаваны мигранттарга гумандуу мамиле жасабайт деп айыптады.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан чыккан миңдеген мигранттар Евробиримдикке мүчө болгон Польшанын, Латвиянын жана Литванын аймагына Беларустан мыйзамсыз кирүүгө аракет көрүп жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG