Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

БУУнун комитети Инандынын иши боюнча кыргыз бийлигин айыптады


Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. Июнь, 2021-жыл.
Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. Июнь, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар деп билдирди.

"Кыргызстан Кыйноолорго каршы конвенциянын 3-беренесин аткарган жок. Бул берене бир дагы мүчө-мамлекет жаранга олуттуу коркунуч туулуп жатса, аны башка мамлекетке кайтарып, жиберип же берүүгө укугу жок. Кыргызстан Орхан Инандынын жоголушун тыкыр иликтеген эмес",- деп белгиленген билдирүүдө.

Улуттар Уюмунун сессиясында Орхан Инанды менен кошо эле өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин, казакстандык активист Мурат Тунгысбаевдин мекенине кайтарылганы да сынга алынып, Кыргызстан куугунтукка алынган адамдарга башпаанек бергендин ордуна, аларды кыйноо күтүп турган өлкөлөргө кайтарып берген мамлекет катары белгиленди.

"Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын кемчилиги бардыгын президент Садыр Жапаров дагы белгилеген эле.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды быйыл 1-июнда уурдалган. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Бишкектен уурдалган учурунда Инандынын колун сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстан 10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кезектеги сессиясында кыйноолорго байланыштуу баяндама жасап жатат.

Сессияга "Кыйноолорго каршы коалициясы" уюмдун өкүлдөрү онлайн көз салып, "Клооп" басылмасы менен бирге маалымат берүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG