Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кадастр" мамлекеттик кызматынын Кара-Кулжадагы филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А. М. коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүүгө карата Кылмыш кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Былтыр декабрда жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору коррупцияга шек саналып кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп шек санап жатканын билдирген.

Быйыл “Кадастр” мекемесинин Оштогу, Баткендеги филиалдары коррупцияга байланыштуу текшерилип, айрымдарынын жетекчилери кармалган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG