Жаңы депутаттар ант берет
Жогорку сот “Альянс” партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) гендердик квотага байланыштуу чырына чекит койду. Соттун чечими менен эми Жанар Акаев Жогорку Кеңештин депутаты болот. Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногуна 70 миллион долларга чукул каражат сатты. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун кармап туруш үчүн жыл башынан бери 700 миллион долларга жакын акчаны интервенцияга жумшады. Кабулда аялдардын укуктарын чектөөгө каршы акцияда ок атылды. Талибдердин аскерлери аялдарды күч менен таркатып, ок чыгарганда бир нече киши жарадар болгону айтылууда.
Чыгарылыштар
-
Март 19, 2026Камчыбек Ташиев милицияда сурак берди
-
Март 17, 2026Салык кызматы Ташиевдерди коррупцияга айыптады
-
Март 13, 2026Зулушев мандатын тапшырды, Ташиев сурак берди
-
Март 12, 2026"Крокус" иши боюнча 15 киши өмүр бою кесилди