Бишкек шаардык мэриясы 11-январда лифтке кыпчылып каза тапкан адамдын окуясын иликтөө үчүн тармактар аралык комиссия түздү.
Комиссиянын курамына "Бишкеклифт" муниципиалдык ишканасы, Октябрь райондук акимчилиги, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен анын корутундусун даярдамай болду. Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт.
11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, бир адам кыпчылып көз жумган.
Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон. 2015-жылы Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда лифт оңдоп жатып бир киши каза болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан. (BCh)