Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Европада Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы башталды


Украинанын чек арасына жакын топтолгон орус аскерлери.
Украинанын чек арасына жакын топтолгон орус аскерлери.

Украинанын чек арасына жакын топтолгон орус аскерлерине байланыштуу Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму (ЕККУ) менен Орусиянын өкүлдөрү 13-январда Венада жолугушканы жатат.

Бул аталган темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болуп саналат. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Экинчи айлампага НАТОго мүчө 30 мамлекеттин мүчөлөрү жана АКШнын өкүлдөрү катышкан.

Жолугушууларда орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралууда. Москва аскердик альянска “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

Эки жолку сүйлөшүүлөр бул маселелер боюнча толук жыйынтык берген жок. Тараптар айрым маселелер боюнча бир пикир табууга мүмкүн экенин айтышканы менен ар кимиси өз-өз позициясында кала бергенин айтышууда.

НАТО-Орусия кеңешинин Брюсселдеги жыйынынан кийин Түндүк Атлантикалык бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг “Орусия менен сүйлөшүү жеңил болбогонун жана Украина боюнча олуттуу пикир алмашуу болгонун" айтты. Ал уюмдун кеңейишин “агрессивдүү кадам” деген бүтүм туура эместигин белгилеп, “Украинанын НАТОго кошулушуна Орусия вето коё албайт” деп кошумчалады.

Ал мындан сырткары жолугушууда уюмдун бардык мүчөлөрү Орусияны Украинанын, Грузиянын жана Молдованын аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышканын белгиледи.

НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө. Былтыр жайда ага Украинаны кошуу маселеси каралган.

Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG