Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Зеленский Орусия менен чек арадагы кырдаал боюнча кайрылуу жасады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, Орусиянын ыктымал кол салуу коркунучуна байланыштуу элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды. Ал кайрылуусунда мындай окуя болбойт деп ишенерин билдирди.

Владимир Зеленский Орусиянын “аскерий чабуулу” 2014-жылы эле башталганын, масштабдуу согуш коркунучу “бир күндө эле” пайда болбогонун айтты.

“Бардык жарандарыбыз, өзгөчө кары-картаңдар муну жакшы түшүнүшү керек. Дүрбөлөңгө түшүп, гречка, ширеңке сатып алуу үчүн чуркабагыла. Эмне кылуу керек? Бир гана нерсе тынчтыкты сактап, өзүңөргө жана армиябызга ишенгиле”, - деди Зеленский.

Зеленскийдин кайрылуусу орус армиясы Украинанын позицияларына кеңири масштабдагы чабуулун даярдашы мүмкүн деген билдирүүлөрдүн фонунда жасалды. Мындай маалыматтарды Батыштын дипломатиялык жана чалгын булактары кабарлап жатат.

Кремл согушка даярдыктарды кескин четке кагып, бирок жаңжал болуп жаткан аймакка аскерлерин топтоону өзүнүн мыйзамдуу укугу деп атап келет.

19-январда Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү. Мамкатчы анда эгер Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү ага катуу жооп кыларын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG