Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Байден: АКШ Чыгыш Европага аз сандагы аскер жиберет


Жо Байден.
Жо Байден.

Кошмо Штаттар жакында аз сандагы аскерин Чыгыш Европа жана НАТО өлкөлөрүнө жиберет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден 28-январда маалымдап,, буга Орусия менен Украинанын чек арасына жакын жерде орусиялык аскерлердин топтолушу негиз берип жатканын айтты.

"Америкалык аскерлерди жакын арада Чыгыш Европага жана НАТО өлкөлөрүнө көчүрөм. Өтө көп эмес", - деди Байден.

Узап бараткан аптанын башында Пентагон 8500дөй америкалык аскерди күжүрмөн даярдыкка келтирген. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согуш ачууга аскердик жактан даяр экенин, бул Москванын чечиминен көз каранды болорун айткан.

Москва кошуна өлкөнү басып алуу максаты жоктугун айтып келатканы менен, НАТО чыгышка, өзгөчө Украина жана Грузияга карай кеңейбейт деген кепилдик берилсе гана аскерлерин Украина менен чек арадан алып кетерин айтып шарт койгон.

25-январда Орус коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG