Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Азат Узаковдун кылмыш ишинин негизинде дагы эки адам камалды


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаковго козголгон кылмыш ишинин алкагында Финансы министрлигинин бөлүм башчысы менен өкмөттүк аппараттын мурдагы кызматкери камалганын билдирди. Атайын кызмат тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө алардын социалдык объектилерди куруудагы коррупцияга аралашканы аныкталганын маалымдады.

УКМК 19-февралда Азат Узаков менен "Г.П.С" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Курулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысын камаган.

Атайын кызмат “Узаков өкмөттүк аппараттын Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүн жетектеп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында дагы башка адамдар менен бирге коррупциялык схема уюштурган, мамлекетке 10,8 миллион сомдук чыгым келтирген” деген маалымат тараткан.

Бул кылмыш ишинин алкагында кармалгандар, алардын жактоочулары менен жакындары азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG