Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Орусия: айлыгы кечигип, иш издеген мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын аймагына басып киргени үчүн Орусияга бир катар өлкөлөр катаал санкцияларды салды. Мындан улам айрым чет элдик компаниялар Орусиядагы ишин убактылуу токтотууда. Ал жакта жашап, эмгектенген мигранттар катаал чаралар олуттуу таасирин тийгизе баштаганын билдирип жатышат.

McDonald's Орусиядагы 850дөй ресторанын убактылуу жабууда. Бир катар маалымат каражаттары да Starbucks, Universal Music, Coca-Cola Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотконун жана PepsiCo бул өлкөгө суусундуктарын сатпай турганын жазды. Буга чейин Украинадагы согуштан улам дагы бир катар компаниялар ишин токтоткону кабарланган. Санкциялардын кесепети бул өлкөдө жашап, эмгектенген мигранттарга дагы акырындап таасирин тийгизе баштаганын белгилеп жатышат.

"McDonald's ресторандарында кыргызстандыктар көп иштечү"

Өзүн Үмүтбек деп тааныштырган жигит кыргызстандык мигрант мекендештер арасында айлыктары кечигип, акча издегендер же жумуш сурагандар көбөйгөнүн билдирди.

"Азыр айлыкка иштеш кыйын. "Телеграм-каналда" үстөк пайызы менен акча сурагандар болууда. Бүт эле ошондой сурагандар. Жумуш издегендер Орозо айында дагы көбөйүшү мүмкүн. Уруш бир жаңсыл боло элек. Негизи жумуш көп эле. Күнүмдүк жумуштарга, "халтура" деп коет ошолорго эле иштебесе, азыр айлыкка ишенич жок болуп жатат. "Халтурада" деле кечигип төлөп жатат, бул дагы согушка байланыштуу болууда".

Орусиядагы мекендештердин "Телеграм" каналдарында жумуш издегендер дагы, иш сунуштагандар дагы арбын экен. Арасында Кыргызстанга кайтуу үчүн билет издегендер, карызга акча сурагандар да бар.

Москвадагы кыргызстандык активист Сыдык Исиров санкциялардын таасири бир-эки аптага барып катуу сезилерин божомолдоп жатат. Анын айтымында, жабылганы турган McDonald's ресторандарында кыргызстандыктар көп иштечү.

"Санкциялардын таасири мекендештерге түз эле тийип жатат. Мисалы, билет алып учпай калгандар дагы болууда. Орусиялык фирмалар учпай калганы тууралуу маалымат алдын ала айтылган эмес. S7 учпайт деген, бирок "Аэрофлот" дагы учпай калыптыр. Билеттин акчасын кайтарып беребиз дешти. Ар кандай жумуш менен келгендер азыр кайсы каттам менен учуп кетерин билбей отурушат. Анткени ишенич жок, дагы каттам токтом калабы деп коркушат".

"Аэрофлот" жана “Победа” авиакомпаниялары 8-марттан тартып Беларустан башка мамлекеттерге каттамдарын токтоткон. Мындан улам авиакассаларда билет баасы соңку төрт күн ичинде дээрлик 2,5 эсеге кымбаттап, ондогон кыргызстандыктардын мекенине кайтуусу дагы кыйындоодо.

"Азыр ипотекага үй алам дегендерге да аябай кыйын болуп калды. Борбордук банк 25-февралда негизги ченемди 20% чыгарганда, башка банктардын насыясы 20-22 болуп кетип атат. Аны дагы Орусиянын жарандыгы барлар ала алат. КМШ өлкөлөрүнүкүн дээрлик токтотуп койду. Мурда кыргыз жарандары 6-8-12% менен эле алып жүрүшкөн. Ал эми бренд фирмалар Zara, Bershka жана башкалар кетти деп жатпайлыбы, ошолорду жууп-тазалаган клининг компанияларында кыргызстандыктар иштечү. Ошонун баары айла жок Кыргызстанга кетишет. Кетейин десе билет жок, каттам жок. Ал жагынан тең кысылып калып жатат. Көптөрү Кыргызстанга барып, ошол жакта калат. Эми мекенибизде жумуш орундарга атаандаштык күчөйт го. 90-жылдарга кайтабыз көрүнөт", - дейт кыргызстандык мигрант Сыдык Исиров.

Учурда "Авиатрафик” менчик компаниясынын учактары Орусиянын чоң шаарларына гана барып жатат. Мындан бир апта мурда Москва-Бишкек каттамдын баасы 8 миңден - 10 миң рублге чейин болсо, ушул күндөрү 20 миңден - 30 миң рублден ашты. Компания өкүлдөрү Кыргызстанга учууну каалагандар көп экенин да айтышты. Акыркы жолу билеттердин баасы 2020-жылы пандемия учурунда көтөрүлгөн."Манас" эл аралык аэропорту Орусиядан келген жүргүнчүлөрдүн саны соңку күндөрү канчага кыскарганын айта элек.

"Орусиядагы айрым азык-түлүктөргө чектөө кирди"

Орусияда иштеген Миргүлдүн айтымында, катаал чаралардын таасири анчейин байкала элек.

"Азырынча баары эле иштеп жатышат. Жабылды деген сөз жок. Дүкөндөрдө айрым азык-түлүктөргө, кумшекер, май, күрүч, гречкага чектөө киргизип койгон. Бир киши беш даанадан ашык алганга болбойт деген чектөө киргизип жатат".

Айнура Жээнбаева 2000-жылдан бери Орусияда жашайт, ушул өлкөнүн жарандыгын алган. Ал санкциялар катуу таасир эткен учурда орус бийлиги Кыргызстандын жарандарына артыкчылык берет деп ишенип отурат. Ал тамак-аш, тигүү тармагында иштеген кыргызстандык ишкерлер Орусияда жабылган чет элдик фирмалардын ордун ээлеши керек деп эсептейт.

"Азыр бренд фирмалар жабылууда. Алар деле убактылуу деп жатат, анткени жапканга алар деле кызыкдар эмес. Биздин жеңил өнөр жай деле алардан калышпайт. Ошолор ушул жакка дүкөн ачып, ошол орунду ээлеп алганга жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат. Сапаты жагынан көп деле айырмаланбайт. Талапка ылайык жашылча-жемишти алып келсе болот. McDonald's сыяктуу боло албайт, бирок ошол сыяктуу жайларды ачса болот".

Орусияда курьер болуп иштеген кыргызстандык мигрант.
Орусияда курьер болуп иштеген кыргызстандык мигрант.

"Мигранттарды текшерүү күчөдү"

Орусиядагы айрым кыргызстандык мигранттар текшерүүлөр күч алганын да айтып беришти. Алар санкциялар тейлөө кызматында иштегендерге олуттуу таасир этип, айлык ала албай жүргөндөр бар экенин белгилешти.

Орусияда мигранттарга юридикалык көмөк көрсөткөн Гүлиза Акматсияева мындай маалыматтарды бышыктады:

Гүлиза Акматсияева.
Гүлиза Акматсияева.

"Буга чейин кыйналып келген мигранттар азыр такыр эле жумушсуз калышты. Көп жерде кыскартуулар болуп жатат. "Кайда барып иштесек, кандай кылсак" деген чалуулар көп катталууда. Өзгөчө лизингге машине алып иштегендердин учурда төлөмдөрүн эки эсе көбөйтүп коюптур. Бир-эки мигрантка эле эмес, чоң компанияда иштеген мигранттардын дээрлик көпчүлүгү экономикалык кризистин таасирин сезип жатышат. Акыркы кырдаалдан пайдаланып, кээ бир ишканалар айлык бербей койгон учурлар бар. Ачык эле "маяна жок" жок деп коюшат экен".

"Азаттык" Москвада таксист болуп иштеген Каныбек менен байланышып, абалын сурады.

"Азыр такси чакыргандар деле азайды. Эми согуш болуп атса орустар деле ойноп, күүлдөбөй калышты. 8-мартта деле жыргаткан иш болгон жок. Айла жок, шүгүр кылып жашап калбадыкбы. Эртеңки күнү эмне болуп кетери белгисиз".

Орусияда 2021-жылдын 29-декабрынан баштап өлкөгө иштегени кирген чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү федералдык эки мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, чет өлкөлүк эмгек мигранттары эми манжа изин (дактилоскопиялык каттоо) каттатууга, сүрөткө түшүүгө, психотроптук каражатка, маңзатка көз каранды эместигин, жугуштуу оорусу жоктугун медициналык жактан күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

Рублдин курсуна камтамачылык

Мигранттар рублдин курсуна да сарсанаа болуп турган чагы.

"Мен Кыргызстандагы иниме 10 миң рубль жөнөттүм, ал сегиз миң сом колуна алыптыр. Андыктан зарыл болбосо акча салбай туралы дедик. Башында 1-2 күн жаңжал чыгып токтойт деп ойлодук эле. Эми бул кырдаал улана турган болсо, Кыргызстанга кайтуудан башка айлабыз жок", - деди Москвадагы чоң курулуш ишканасынын инженери Алмаз Жумабаев.

Финансист Эркинбек Нуралиев болсо Кыргызстанга акча которуулар кескин азайарын жоромолдоп жатат.

"Кыргызстанда үй-жай алгандар, туруктуу акча которгондор эми доллар же сом менен 30% чейин аз акча салып калышат", - деди ал.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2021-жылы чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 миллиард доллардан ашык каражат которгон. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. Башка өлкөлөрдөн 12,5 миллион, АКШдан 43,2 миллион доллар которулган.

Орусиянын Украинадагы агрессиясына байланыштуу салынган эл аралык санкциялардын кесепетинен өлкөдө, ал тургай Кыргызстанда да доллар кескин көтөрүлүп кетти. Орус жергесинде азыр бир АКШ валютасы 130 рубль, евро 137 рублга чыкты (9-мартка карата). Бир рубль 80-92 тыйынга барабар болуп калды.

Өткөн аптада Booking.com кызматы Орусияда жана Беларустагы ишин токтоткон. 4-март күнү дүйнө жүзүндө турак жайларды кыска мөөнөттө ижарага алуу кызматын көрсөткөн АirBnB да Орусия менен Беларустагы ишин жапты. Андан мурдараак PayPal Holdings Inc төлөм компаниясы да Орусиядагы кызмат көрсөтүүсүг токтотконун Reuters агенттиги компаниянын президенти Дэн Шульманга таянып билдирген. Microsoft корпорациясы орус-украин жаңжалынын курчушуна байланыштуу Орусияда жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды сатуу токтотулганын жарыялаган.

Буга чейин Apple, Oracle, Dell Technologies, Exxon Mobile мунай компаниясы, Boeing жана Airbus учак өндүрүүчүлөрү, спорттук кийим жана бут кийим өндүрүүчү Nike, Walt Disney сыяктуу көптөгөн батыш компаниялары Орусия менен байланышты үзгөн.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG