Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулунун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеби жарык көрдү.
Китепте Кыргызстандын эгемендик жылдарында айрым багыттарга артыкчылык берилип, көңүл чордонунда болбой калган – өлкөнүн диний саясаты туурасында сунуш-пикирлер камтылган.
"Айтылуу көйгөй менен күрөшүүнүн, анын залалдарынан аман калуунун бир гана жолу – туура, башкача айтканда, динди илимий-аналитикалык усулдун негизинде түшүнө билүү жөндөмүнө ээ болуу. Бул китеп маселени дал ушул өңүттөн колго алып көрүүнү жүзөгө ашырууга аракет жасаган, киришүү маңызындагы эмгек", - деп жазган автор.
Элмурат Кочкор уулу учурдун жаңылыш диний түшүнүгүнөн катуу жапа тартып кала электе, бул эмгектеги ой-толгоолорго коомчулуктун көңүлүн буруу – китепти жазуудагы эң башкы максаты экенин белгилеген.
"Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеби Кыргызстанда басылып чыгып, окурмандарга сунушталды.
Элмурат Кочкор уулу "Азаттык" радиосу менен кызматташып, дин темасындагы блогдорду жазып келет.
Facebook шеринеси