Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Зеленский орус аскерлерин согуштук кылмыштарга айыптады


Мариуполдогу 16-мартта бомбаланган театр. Имараттын жанына "Балдар" деген жазуу жазылган. Сүрөт Maxar компаниясына таандык. 18-март, 2022-жыл.
Мариуполдогу 16-мартта бомбаланган театр. Имараттын жанына "Балдар" деген жазуу жазылган. Сүрөт Maxar компаниясына таандык. 18-март, 2022-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский Мариупол шаарын курчоого алган орус күчтөрүн айыптады.

Мариуполдогу жергиликтүү бийлик орус күчтөрү 400дөй киши баш калкалаган искусство мектебин бомбалаганын маалымдады. 20-мартта Telegram баракчасында талкаланган урандылардын астында адамдар калышы мүмкүн экени жазылды. Бомбалоодон жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Бул бомбалоо украин президенти Владимир Зеленский Мариуполду курчаган орус аскерлери согуштук кылмыштары үчүн тарыхта калат деп айткан учурга туш келди.

16-мартта орус күчтөрүнүн аба соккусунан Мариуполдогу жайкын тургундар баш калкалаган театрдын имараты талкаланган. Шаар бийлиги 130 адам куткарылганын, бирок дагы көбү урандылардын астында калышы мүмкүн экенин билдирген. Куткаруучулар тирүү калгандарды издөөнү улантууда.

Орус аскерлери согуштун башында Мариуполдогу төрөт үйүн бомбалаган.

Орусиянын чабуулу Украинанын көпчүлүк аймактарында ишке ашпай, оор жоготууларга алып келгени менен, эл аралык коомчулуктун сынына жана согушту токтотуу тууралуу чакырыгына карабай, орус күчтөрү Украинанын шаарларын бомбалоону улантууда.

Украинадагы согуштук аракеттердин натыйжасында 20-мартка карата жалпы 115 бала набыт болуп, 140 бала түрдүү жаракат алганы расмий кабарланды.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) Украинада Орусия агрессиясынын натыйжасында 847 жай тургун набыт болгонун, 1399 адам жаракат алганын жарыялады. Ошол эле учурда чыныгы көрсөткүчтөр мындан да көп болушу ыктымалдыгын белгиледи.

Согуш башталгандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG