Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Кара-Сууда дайынсыз жоголгон эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери дайынсыз жоголгон эки адамды өлтүргөн кишилерди аныктады.

Милициянын маалыматына караганда, 17-март күнү 20 жаштагы өзбек жараны кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгону кабарланган. Ошол эле күнү Араван районунун тургуну, 36 жаштагы жаран Кара-Суудагы Туратали базарынан чыккан боюнча дайынсыз жоголгонун туугандары милицияга билдиришкен.

Аларды өлтүрүүгө шектүү эки адам - бири Өзбекстандын, экинчиси Кыргызстандын Сузак районунун тургуну кармалган. Ички иштер органдары тергөөдө шектүүлөр эки адамды эки күндө, 17-мартта жана 18-мартта тоноо максатында өлтүрүшкөнү аныкталганын билдирди.

Алар өзбекстандык жарандын жанынан 7000 сом, 100 АКШ долларын жана кол телефонун алышканын, эртеси күнү экинчи кишини тоноо максатында өлтүрүп, маркумдун 6000 сомун, ноутбук, кол телефонун жана флешкасын алып, сөөгүн көмүп коюшканын айтып беришкен.

Бул факты боюнча, Жазык кодексинин 122-беренеси ("Атайылап киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду.

Кармалгандар Кара-Суу милициясынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүргүзүлүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG