Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Ак-Сай өрөөнүнө жол ачыла элегине эки жумадан ашты


Ак-Сай өрөөнүнө барчу Кында ашуусу.
Ак-Сай өрөөнүнө барчу Кында ашуусу.

Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө барчу Кында ашуусу жабык турганына байланыштуу кыштоодогу малчылар менен эки жумадан бери байланышууга мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу район тургуну Бектурган Асанов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Атбашылыктар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана облустук бийликтен жардам сурап кайрылышты.

“Мен бир ай мурда жумуштап район борборуна келгем. Кайра кетейин деп камынып жатканда жол жыбылып калды. Үй-бүлөм ошол жакта. Кат-кабар жок. Тамак-ашы түгөндү. Жете албай жатам”, - дейт Асанов.

Облустук бийликтин маалыматына ылайык, аймактагы жол тейлөө ишканасынын техникалары он күндөр бери жолду ачуу аракетин көрүп жатат. Бирок азырынча майнап чыга элек.

Өткөн айда аталган кыштоого бир мертге чукул кар жааган. 23-мартта президенттин Нарындагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган облустук бийлик өкүлдөрү Ак-Сайга жөнөп, бирок калың кардан өтө албай артка кайткан.

Ак-Сай өрөөнүндө Ат-Башы районуна тиешелүү кыштоолордо 79 түтүн малчы бар. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жалпы 179 жан болсо, анын ичинен 56сы балдар. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG