Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Бекешев мэрия “Экспресс Строй КГ” менен келишим түзгөнүн айтып чыкты


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев борбордо тендер өткөрбөй эле мектептерди куруу боюнча Бишкек шаардык мэриясы менен “Экспресс Строй КГ” компаниясынын ортосунда келишим болгонун билдирди. Ал буга байланыштуу Монополияга каршы кызматынын кат түрүндөгү жообун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.

“Экспресс Строй КГ” ЖЧКсынын калптарын ачып берем. Бишкек шаарында мектептерди куруу боюнча келишим Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы №140 токтому менен бекитилген. Менин сөздөрүмдөн кийин алар буйрукту жараксыз деп тааныгысы келип жатат”, - деп жазды депутат.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектеп курууга мэрия “Экспресс-Строй KГ” компаниясын тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын кошумчалаган.

Дастан Бекешев Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз ишкана тендерсиз эле курганы жатканын билдирген.

Бишкек шаардык мэриясы болсо мектептерди курууга байланыштуу “Экспресс-Строй KГден” жалданма компания болуу тууралуу сунуш түшкөнүн, бирок эч кандай келишим түзүлбөгөнүн маалымдаган.

Компаниянын башчысы Кочкорбек Жуманазаров “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясына мектептерди куруу тууралуу сунуш менен кайрылбаганын кабарлаган.

Factcheck.kg сайты “Экспресс-Строй KГ” ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири 20 жаштагы Ахмадшох Азатов экенин, ал дагы эки компанияга - “Ostrich KG” жана “Бетон Профи” ишканаларына ээлик кыларын жазды. Ал президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировдун уулу. Сабиров ал компаниянын ээси азыр башка киши экенин айткан.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG